Connect with us

Өкмөт «Сапаттын» окуучусун олимпиададагы жеңиши үчүн акчалай сыйлады

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 1176 | 0

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров информатика боюнча эл аралык олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө акчалай сыйлыктарды тапшырды.

28-августтан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн олимпиадага Кыргызстандан төрт окуучу катышкан. «Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Айдар Мундузбаев бул олимпиадада күмүш медаль тагынган.

«Көптөгөн таланттуу катышуучулардын арасынан эң мыктысы болдуңуздар, бул чындыгында таасирдүү жыйынтык», — деди Акылбек Жапаров.

Мектеп окуучуларын олимпиадага даярдаган мугалим Кылычбек Ураимовго 7 миң долларга, 2-орунга ээ болгон Айдар Мундузбаевге 5 миң долларга, коло медаль алышканы үчүн Тенгиз Беккоёнов менен Алихан Айдарбековго 1 миң долларга сертификат берилди.

Олимпиаданын жыйынтыгы боюнча команда Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу күмүш жана 2 коло медалга ээ болгон.

«Сапаттын» окуучусу информатика боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медаль утту

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM