Биз менен байланышыңыз

«Сапаттын» окуучусу информатика боюнча эл аралык олимпиадада күмүш медаль утту

Кыска кабар | 5 Сен 2023 | 690 | 0

«Сапат» эл аралык билим берүү мекемесинин Чыңгыз Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү Айдар Мундузбаев XXXV Эл аралык информатика боюнча олимпиадада (35th IOI 2023 Hungary) күмүш медаль жеңип алды.

28-августтан 4-сентябрга чейин Венгриянын Зегед шаарында өткөн олимпиадага Кыргызстандан төрт окуучу катышты.

International Olympiad in Informatics — бул информатика боюнча дүйнөдөгү ири олимпиада болуп саналат. Ага ар бир өлкөдөн төрттөн мектеп окуучусу катышат. Бул жылы 90 өлкөдөн 355 окуучу барды.

Эл аралык олимпиаданын финалдык турунун жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын курама командасынын көрсөткүчү:

  1. Айдар Мундузбаев, Бишкек шаары, Ч.Айтматов атындагы Бишкек лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү — күмүш медаль;
  2. Тенгиз Беккойонов, Жалал-Абад шаары, Курманбек Баатыр атындагы Жалал-Абад лицейинин 11-классынын бүтүрүүчүсү — коло медаль;
  3. Алихан Айдарбеков, Нарын шаары, М.Субакожоев атындагы Нарын лицейинин 10-классынын окуучусу — коло медаль;
  4. Байторо Майрамбеков, Талас шаары, «Манас-Ата» Талас лицейинин 11-классынын окуучусу – ардак грамота.

Окуучуларды даярдаган мугалим жана команда жетекчисинин жардамчысы — Кылычбек Урайымов.

Команда жетекчиси — Павел Панков.

Кыргызстандын тарыхында буга чейин информатика боюнча дүйнөлүк олимпиадада күмүш медаль утуп алгандар болгон эмес.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM