Connect with us

Мектепте акча чогулткандарга 28 миң сомго чейин айып салуу сунушталды

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 555 | 0

Жогорку Кеңештин депутаты Миргүл Темирбаева мектептерде мыйзамсыз акча чогулткандарга айып салууну сунуштаган мыйзам долбоорун жазып, коомдук талкууга койду.

Долбоор КР Президенти 2023-жылдын 26-майында кол койгон №136 «Балдардын мектепте акысыз билим алуу укугун ишке ашыруунун мамлекеттик кепилдиктерин камсыз кылуу чаралары жөнүндө» жарлыгынын негизинде иштелип чыккан.

Айтылган жарлыкта мектептерде акча чогултууга жана коомдук фонддорду түзүүгө тыюу салынган

Мыйзам долбоордо «Укук бузуулар жөнүндө» кодекстин 12-бөлүмүнө кошумча 741-беренени да киргизүү каралган.

Ага ылайык, мамлекеттик билим берүү мекемелеринде мыйзамсыз акча чогулткандарга 75 эсептик көрсөткүчтө (7 миң 500 сом), мындай жосундарды коомдук фонд түзүү аркылуу жасаган жеке жактарга 100 эсептик көрсөткүчтө (10 миң сом), юридикалык жактарга 280 эсептик көрсөткүчтө (28 миң сом) айып пул салынат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM