Биз менен байланышыңыз

Мэр: Бишкектеги «Сары-Өзөн» базары да көчүрүлөт

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 196 | 0

Бишкектеги Сары-Өзөн базары башка аймакка көчүрүлөт. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров 22-сентябрда журналисттерге билдирди.

Ал бир гана «Ош» базары эмес, Бишкектин жолдорунда тыгындын пайда болушуна алып келген бардык мекемелер көчүрүлөрүн айтты.

Бишкектеги «Сары-Өзөн — Дыйкан» базары 2021-жылы мамлекеттин карамагына өткөн.

Мэр буга чейин «Ош» базар шаардын сыртына көчүрүлөрүн, долбоор жазында ишке ашырыла баштай турганын маалымдаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM