Марал Радиосу

Мэр: Бишкектеги «Сары-Өзөн» базары да көчүрүлөт

Бишкектеги Сары-Өзөн базары башка аймакка көчүрүлөт. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров 22-сентябрда журналисттерге билдирди.

Ал бир гана «Ош» базары эмес, Бишкектин жолдорунда тыгындын пайда болушуна алып келген бардык мекемелер көчүрүлөрүн айтты.

Бишкектеги «Сары-Өзөн — Дыйкан» базары 2021-жылы мамлекеттин карамагына өткөн.

Мэр буга чейин «Ош» базар шаардын сыртына көчүрүлөрүн, долбоор жазында ишке ашырыла баштай турганын маалымдаган.

"Ош" базары жана автобекеттердин шаар сыртына көчүрүлүшү (Сурамжылоо)

Exit mobile version