Connect with us

Ысык-Көл: «Европадан иш таап берем» деп, акча жасап жүргөн шылуун кармалды

Кыска кабар | 22 Сен 2023 | 398 | 0

Жети-Өгүз районунда «Европадан иш таап берем» деп, ар кимди алдап, акча алып жүргөн адам кармалды. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгы билдирди.

Жети-Өгүз райондук ички иштер бөлүмүнө Тамга айылынын 18 жаштагы тургуну арыз менен кайрылган. Андан белгилүү болгондой, ушул жылдын июнь айында белгисиз жаран «Европага ишке орноштурам» деп, кызмат акысы катары 40 миң сомун которуу жолу менен алып, андан кийин телефонун өчүрүп, таптырбай кеткен.

Бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козголуп, шектүүгө издөө жарыяланган.

Ыкчам иликтөөнүн жүрүшүндө ал Ак-Суу районундагы Тепке айылынын 43 жаштагы тургуну Р.К. экени аныкталып, колго түшүрүлүп, соттун чечими менен камакка алынган.

Жети-Өгүз РИИБи бул адамга алдатып ийгендер көп болушу мүмкүн экенин айтып, шектүүнү таанып-билгендер болсо, милиция бөлүмүнө кайрылып коюуга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM