Биз менен байланышыңыз

Ташиев ундун кымбаттаганын айткан депутаттарга жооп кайтарды

Кыска кабар | 21 Сен 2023 | 655 | 0

УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев ундун кымбатташы боюнча маселе көтөргөн депутаттарга «Фейсбук» баракчасы аркылуу жооп берди.

Анын айтымында, учурда 1-сорттогу ундун килограммы 30 сомдон, бир кабы 1500 сомдон болууда.

«Ундун баасы боюнча «көтөрүлүп кетти» деп «хайп» кармаган депутаттарга айтарым, баа көтөрүлбөйт. Мамлекетте кошумча чаралар көрүлгөн. Туура, казактардын унунун баасы көтөрүлдү. Ал бизден көз каранды эмес жана элибизге эч кандай зыян алып келе албайт. Жакын арада мындан да төмөндөшү мүмкүн. Себеби арзан баада камдап койгон буудайларыбыз кийинки түшүмгө чейин жетет. Өсүмдүк майы, кумшекер да жетиштүү, баалар көтөрүлбөйт! Мамлекетибиздин азык-түлүк коопсуздугу жетиштүү камсыздалган. Так что, ЖК депутаттары Маматалиев, Икрамов, тормозни, сникерсни!» — деп жазган Ташиев.

Белгилей кетсек, бүгүн Жогорку Кеңештин кезектеги жыйында депутат Тазабек Икрамов менен Марлен Маматалиев ундун кымбаттап кеткенин айтышып, Икрамов өкмөттүн кышка даярдыгын сынга алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM