Биз менен байланышыңыз

Тоолуу Карабах: Аймактагы армяндарды эми кандай тагдыр күтүүдө?

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2023 | 1781 | 0

Өзүн-өзү республика деп жарыялаган, бирок дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылбаган Карабахтагы армяндар кечээ, 20-сентябрда толугу менен Азербайжанга багынып берди. 1988-жылдан бери келе жаткан талашка чекит коюлуп, Карабах Азербайжандын юридикциясына өттү. Тоолуу Карабахтын тургундары эми Азербайжандын курамында кантип жашайт? Алардын Арменияга көчүп кетүүсүнө ким көмөктөшөт? Азербайжан азыркы айткан убадаларына турабы? 

Эл аралык коомчулук учурда Тоолуу Карабахтагы армян улутунун тандоосуна көз салып турган учуру. Анткени көпчүлүк: «Армяндар эми Азербайжандын курамында кантип жашайт? Эки улуттун ымаласы жакшырабы?» — деген суроолорго жооп издөөдө.

Азыркы тапта Тоолуу Карабахты жердеген армяндардын көпчүлүгү түпөйүл болуп турган чагы. Миңдеген үй-бүлө Карабахты таштап чыгып кетүүгө аракет кылышууда.

Армения бийлиги Азербайжандан Карабахтагы армяндардын укугунун коргоо, алардын жашоосуна зыян келтирбөө, этникалык тазалоого жол бербөө талаптарын коюп жатат.

Азербайжан бийлиги 1992-жылдан кийин Тоолуу Карабахка Армениядан жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн көчүрүлүп келип жайгаштырылган армяндарды депортация кылуу ниетин билдирип, түпкүлүктүү армяндарга Азербайжан жарандыгын берүүнү убада кылып келет. Айрым маалыматтарга ылайык, Тоолуу Карабах 1992-жылы өзүн республика деп жарыялагандан кийин ал жакка Армения, Орусия, Сирия, Ливан жана Түркияда жашаган этникалык армяндар да көчүрүлүп келген.

Алардын айрымдары Биринчи жана Экинчи Карабах согуштарында түрдүү партизандык аракеттерге катышканы да айтылып келет.

Эксперттердин пикиринде азери калкы менен армян калкынын ортосундагы мамилелер — бөлөк постсоветтик өлкөлөрдөгү абалдан бир топ башкача. Мисалы, Абхазияда грузиндер, Грузияда абхаздар кеңири жашап келет. Молдовада орустар, Орусияда молдовандар да жашайт. Бирок азери менен армян улутунун ортосундагы мамилени буга салыштыруу мүмкүн эмес. Арменияда бир да азери жашабайт. Карабахты эсепке албаганда 10 млн калкы бар Азербайжанда да 20 миңге жетпеген армян улуту жашайт. Карабахты кошуп эсептесе, Азербайжандагы армяндар саны 120 миңди чамалайт.

Азербайжан 26-февралды Хожалы геноциди жана 1918-жылдагы окуяларды да азерилерге карата геноцид жасалган деп баа берип келет. Мындан улам армяндар менен азерилерди ынтымакта жашап кетүүсүнө өтө чоң тоскоолдуктар жана бир канча себептер бар.

Байкоочулардын айтымында, Азербайжан өз аймагындагы армяндарга толук автономия бериши мүмкүн эмес. Бирок Азербайжан бийлиги армяндардын өз тилинде билим алуусуна шарт түзүп берери буга чейинки сүйлөшүүлөрдө дайыма айтылып келген. Тагыраагы, аларды азери тилинде сүйлөөгө мажбурлабайт.

Азыр Азербайжан бийлиги Тоолуу Карабахтагы армяндар менен сүйлөшүүлөрдү түз жүргүзүп жатканын, алардын жергиликтүү бийликте орду болорун айтууда. Сүйлөшүүлөргө Армения да, Орусия да, Түркия да катышпайт. Эки тарап бетме-бет сүйлөшүп, жол картасын түзөт.

Алдыда Тоолуу Карабахтан Арменияга Зангезур коридорун ачуу каралган. Эгер бул коридор ачылса, Карабахтын калкынын экономикалык абалы жакшырат. Анткени бул коридор Түркия, Азербайжан жана Арменияны байланыштырып турат.

Ошондой эле эми Тоолуу Карабахта Орусиянын тынчтык миссиясына муктаждык жок. Бул — «Орусия Армениянын Гюмри шаарындагы аскердик базасын жабышы керек» дегенди түшүндүрөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM