Биз менен байланышыңыз

Илхам Алиев: Азербайжан өз эгемендигин бекемдеди

Дүйнө , Кыска кабар | 21 Сен 2023 | 167 | 0

Азербайжандын президенти Илхам Алиев кечээ, 20-сентябрдын кечинде калкка кайрылуу жасап, Тоолуу Карабахтагы 24 сааттык аскердик операция бардык максатына жеткенин билдирди.

«Азербайжан өз эгемендигин бекемдеди. Каршы тараптын курал-жарак жана техникасынын көп бөлүгү жараксыз абалга келди», — деди Илхам Алиев.

Ал ошондой эле азербайжан аскерлери Карабахтын тоолуу шартына карабастан, өтө ыңгайсыз жерлерге жайгашкан артиллерияларды жок кылууда профессионалдуу аракеттерди жасаганын айтып өттү.

Азербайжан президенти Тоолуу Карабахтын бийлиги толук багынып бергенин, башкаруу толугу менен Азербайжанга өткөнүн, ал эми жергиликтүү армян калкына эл аралык талаптарга ылайык бардык шарт түзүлөрүн кошумчалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM