Биз менен байланышыңыз

Беш жылда тоолуу аймактарды өнүктүрүүгө басым жасалат

Кыска кабар | 21 Сен 2023 | 173 | 0

«2023-2027-жылдар мезгилин Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча иш-аракеттердин беш жылдыгы деп жарыялоо жөнүндө» Жарлыкка кол коюлду.

Ага ылайык, экологиялык, экономикалык, азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, климаттын туруктуулугун жогорулатуу, жаратылыш мурастарын сактоого байланышкан аракеттер көрүлөт.

Беш жылда иш-аракеттерди өткөрүү боюнча уюштуруу комитети түзүлдү. Бул үчүн атайын өкүл болуп, Нурлан Айтмурзаев дайындалды.

Тышкы иштер министрлиги тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча жол картасынын долбоорун иштеп чыгып, Министрлер кабинетинин бекитүүсүнө киргизет.

Кыргызстанда 2022-жыл «Тоолордун экосистемасын коргоо жана климаттык туруктуулук жылы» деп жарыяланган.

Кыргызстандын демилгеси боюнча 2021-жылдын 16-декабрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясынын катышуучулары 2022-жылды «Тоолорду туруктуу өнүктүрүү эл аралык жылы» деп жарыялоо жөнүндө резолюциясын бир добуштан колдошкон.

БУУ Кыргызстандын тоо экосистемасын коргоо демилгесин колдойт

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM