Биз менен байланышыңыз

БУУ Кыргызстандын тоо экосистемасын коргоо демилгесин колдойт

Кыска кабар | 21 Сен 2023 | 150 | 0

Президент Садыр Жапаров Нью-Йорк шаарында Бириккен Улуттар Уюмунун башкы катчысы Антониу Гутерриш менен жолукту.

Кездешүү алдында Кыргызстандын мамлекет башчысы БУУнун «Ардактуу коноктор» китебине каалоо-тилек жазып, кол тамгасын калтырган.

Антониу Гутерриш Кыргызстан туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү үчүн жакшы иштерди жүргүзүп жатканын белгилеп, бул жаатта биргеликте иш алып барууга даяр экенин билдирген. Ошондой эле Садыр Жапаровдун тоо экосистемасын коргоо демилгесине ыраазычылык айтып, бул көйгөйдүн маанилүү экенине токтолуп, андыктан БУУ керектүү колдоо көрсөтүүгө даяр экенин маалымдаган.

Ал эми Садыр Жапаров БУУнун башкатчысынын жеке көңүл буруусуна ыраазчылык билдирип, аймактык жана эл аралык кызматташтыкты бекемдөө Кыргызстандын келечекке болгон көз карашынын негизги элементи экенин белгилеген. Аны менен катар жаңы геосаясий шартта Борбор Азиянын ролу жана мааниси күчөп жатканына токтолгон.

Президенттин айтымында, аймактагы мамлекеттер менен алаканы бекемдөө ―Кыргызстан үчүн эң жогорку артыкчылыкка ээ. Бул жаатта Өзбекстан менен чек ара келишимине кол коюу, Тажикстан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, аймактык талаштарды чечүү ― тынч кызматташууну өнүктүрүүдө маанилүү кадам. Ошондой эле Өзбекстан жана Кытай мамлекеттери менен темир жол куруу ― аймактын инфратүзүмүн жакшыртуу үчүн, транспорттук байланышын чыңдоо үчүн өтө керектүү долбоор.

Аны менен катар мамлекет башчысы 2030-жылга чейин Туруктуу өнүктүрүү максаттарын жүзөгө ашыруу боюнча аракеттер жигердүү жүрүп жатканын айтып берген. Мындан тышкары Кыргызстан өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдүн карыз жүгүн азайтуу боюнча демилгелерди колдой турганын, эл аралык коомчулукту тышкы карызды «жашыл» демилгелер менен алмаштырууга чакырарын билдирген.

Жолугушууда булардан сырткары айлана-чөйрөнү коргоо, биологиялык түрдүүлүк боюнча кызматташууну, тынчтыкты, коопсуздукту сактоо боюнча биргелешкен аракеттерди талкуулашкан.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM