Биз менен байланышыңыз

БШК: Кубанычбек Самаков Жогорку Кеңештин депутаты деп таанылды

Кыска кабар | 20 Сен 2023 | 344 | 0

Борбордук шайлоо комиссиясы бүгүн, 20-сентябрда өткөн отурумунда №26 Ленин округунда өткөн парламенттик кайра шайлоону таануу, талапкер Кубанычбек Самаковго депутаттык мандат берүү чечимин бир добуштан колдошту.

Айта кетсек, 2021-жылы Ленин округунан депутат болуп шайланган Жаныбек Абиров ушул жылдын 12-мартында кафедеги мушташка катышканы үчүн иш козголуп, мандатын тапшырып берген. Андан кийин 28-майда кайра шайлоо өтүп, жыйырма тогуз талапкердин ичинен Дамира Ниязалиева алдыга чыккан.

5-июнда Борбордук шайлоо комиссиясы Дамира Ниязалиеванын жана Улан Сариевдин каттоосун жокко чыгарып, Ниязалиеваны жоопко тартууга макулдук берген.

Алдыңкы орун алган эки талапкердин тең добуштары жокко чыгарылганына байланыштуу жаңы шайлоо дайындалып, ал 10-сентябрда өткөн. Анда Кубанычбек Самаков 26,14% добуш менен биринчи орунду алган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM