Биз менен байланышыңыз

АКШ-Борбор Азия: Диалогдун жаңы барагы

Коом | 20 Сен 2023 | 430 | 0

Нью-Йорктогу дагы бир маанилүү окуя: АКШ президенти Жо Байден менен Борбор Азиядагы мамлекеттердин башчыларынын биринчи саммити өттү. Ага Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров, Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Бул жолугушуу Борбор Азияга, анын ичинде Кыргызстанга кандай таасир этет? Жыйынтыгы кандай болот? Серепчилер менен бирге талдайбыз. 

Америка Кошмо Штаттары менен Борбор Азия өлкөлөрүнүн жолугушуусу Американын 2019-2025-жылга түзүлгөн стратегиялык планында бар экенин Эл аралык жана геосаясий изилдөө борборунун директору Бакытбек Жумагулов айтты. Ошондой эле АКШ эмне үчүн Борбор Азияга кызыкдар экенине токтолуп, анын негизги максатын мындайча түшүндүрдү:

«АКШ «глобалдуу оюнчу» деп аталат. Максаттары, иш-аракеттери 2019-2025-жылга карата түзүлгөн стратегиясында жазылган. Анда Америка Кошмо Штаттары Борбор Азияга болгон кызыгуусун белгилеп кеткен. Ал жерде айтылган Орусия менен Кытайдын таасирин Орто Азия мамлекеттеринен азайтуу планы бар экенин белгилеген. Бардык аракет ошол стратегиялык планга жараша болуп жатат. Ал жакта расмий айтылбаса да, расмий эмес сүйлөшүүлөр болушу мүмкүн. Анда Орусияга каршы АКШнын түзгөн санкцияларын кармануу боюнча кандайдыр бир кайрылуу жасалышы ыктымал».

Ошондой эле Жумагулов Америка дүйнөлүк рыноктун сап башында экенине токтолуп, Кыргызстан АКШдан технологиялык жана рыноктук ачылыштарды, жаңыланууларды алса болот деген ойдо.

«АКШ дүйнөлүк аренада экономикалык, рыноктук жактан сап башында турат, ал жакта өзгөчө технология жакшы өнүккөн. Ал жактан Кыргызстан ала турган көптөгөн нерселер бар. Эң негизгилери технологиялык жактан көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар, ошондой эле дүйнөлүк рынокко чыгууга АКШ чоң аянтча болуп бере алат». 

Саясат талдоочу Эмил Жороев C5+1 платформасы Борбор Азия менен АКШнын ортосундагы жолугушуу жаңы дипломатиялык диалогдорго жол ачат деген пикирде.

«Бул өтө маанилүү жолугушуу болду. C5+1 платформасы 2015-жылга чейин АКШнын демилгеси менен уюштурулуп келе жатат. Бирок буга чейин өлкө лидерлеринин деңгээлинде боло элек болчу. Бул — көп тараптуу, жигердүү сүйлөшүүнүн, кызматташуунун платформасы. АКШнын мурдагы президенттери буга чейин Борбор Азия чөлкөмүнө анча көңүл бурбай, Америка тараптан бир да жолу президенттик деңгээлде визиттер болгон эмес. Ушуларды эске алганда кечээки жолугушуунун бир фактысы эле эң чоң мааниге ээ десек болот. Мындай жолугушуулардын эң негизги мааниси дипломатиялык диалогду, дипломатиялык каналдарды бекемдеп, жолун ачып берди десем болот. Азыркы дүйнөлүк кырдаалда Борбор Азия лидерлери бир чөлкөм катары барып, саммиттик деңгээлде жолугушуу орун алганы чоң мааниге ээ».

Ошондой эле Жороев бул жолугушууну Орусия ачык сындабашы мүмкүн, бирок жакын арада жолугушуу болгондо кандайдыр бир жол менен кыйытып айтуусу мүмкүн экенин эскертти. Орусия буга чейин ачык эле Москва тарапта болууга, аларды колдоого чакырып келгенин да кошумчалады.

«Менимче, кечээки символикалык мааниси бар жолугушууда Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан эгемен тышкы саясатын түптөп, жаңыча багыттарды, жаңы кадамдарды баштады», — деди Жороев.

Ал эми саясат талдоочу Эдил Осмонбетов бул жолугушууга Орусия менен Ураинанын ортосундагы согуштун таасири бар экенин билдирди.

Ошондой эле  Осмонбетов бул жолугушуу Борбор Азиянын геосаясий деңгээлин, салмагын көтөрүүдө деген пикирде.

«Байден «ошондо дагы да жакшы иштешебиз» деген мааниде келечекте Борбор Азия мамлекеттеринин бирине барарын айтпадыбы, бирок кайсы өлкөгө келерин айткан жок. Бул эмненин белгиси? Азыркы учурда Америка, Орусия, Кытай — үч мамлекеттин ортосунда геосаясий атаандаштык жүрүп жатат. Борбор Азия — геосаясий, стратегиялык аймак. Менимче, учурда Борбор Азиянын геосаясий салмагы, аброю көтөрүлүп, өзгөчөлүгү билинип жатат. Бул — Американын Орто Азияга болгон өзгөчө фокусу. Буга чейин мындай болгон эмес, ошол үчүн тарыхый жолугушуу болуп жатат.

 Азия менен АКШ лидерлеринин жолугушуусу, ачык айтканда, Орусия-Украина согушунун таасири. Бирок, Америка Кошмо Штаттарынын лидеринин коопсуздук боюнча жардамчысы: «Бул самит башка өлкөлөргө каршы чыгууну көздөбөйт, андай максаты жок» деди». 

Борбор Азия менен АКШнын саммиттери буга чейин тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде болуп келген. Быйыл биринчи жолу бул саммит мамлекет башчылардын деңгээлинде уюштурулду.

Copyright © 2017 Maral FM