Биз менен байланышыңыз

21-сентябрга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Кыска кабар | 20 Сен 2023 | 457 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 21-сентябрда түнкүсүн Чүй, Ош, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Талас, Баткен, Нарын облустарында жаан-чачын күтүлбөйт.

Күндүз Чүй, Талас, Ош, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде, Жалал-Абад облусунун тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөйт.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +17…+22,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +14…+19,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +20…+25,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +13…+18,

Нарында түнкүсүн +2…+7, күндүз +13…+18.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11, күндүз 20…22.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM