Биз менен байланышыңыз

Бишкекте бүгүн ишкерлер күнү белгиленди

Кыска кабар | 20 Сен 2023 | 161 | 0

Бүгүн кыргызстандын Ишкерлер күнүнө карата Бишкектеги Тарых музейинде өлкө ишкерлерин сыйлоо аземи өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чаранын жүрүшүндө Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев жалпы ишкерлерди куттуктап, алар өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүгө, ишкананы ачуу, ишке киргизүү жана мамлекеттик бюджетке салыктарды үзгүлтүксүз төлөө аркылуу элдин байлыгын көбөйтүүгө өзгөчө салым кошуп жатканын белгиледи.

Ошондой эле Төрөбаев орто мөөнөттүү келечекте мамлекеттин негизги милдети ар бир адамдын потенциалын ишке ашыруу үчүн зарыл жана жетиштүү чөйрөнү түзүү болуп саналат деп белгиледи. Министрлер кабинети жөнгө салуу, инвестициялык климат жана инфраструктура жагынан ишкерлер үчүн шарттарды ырааттуу түрдө жакшыртып жатканын жана бирдей атаандаштыкты камсыз кылуу, инвесторлорду коштоо жана тиешелүү ченемдик чөйрөнү түзүү боюнча саясат жүргүзүп жатканын белгиледи.

Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев бизнес өкүлдөрүн Ишкерлер күнү менен куттуктап жатып, Соода-өнөр жай палатасынын негизги милдеттеринин бири — өз ара аракеттенүү, ишкерлерди коргоо жана аларга көмөк көрсөтүү экенин белгиледи. Бүгүнкү күндө бизнес негизги маселелер боюнча биригүүгө жана консолидацияланган позицияны билдирүүгө үйрөнүшү керек деди.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM