Биз менен байланышыңыз

Түркияда кырсыкка кабылган кыргызстандыктардын сөөгү мекенине жеткирилди

Кыска кабар | 20 Сен 2023 | 347 | 0

Түркияда тик учактын кулашында мерт кеткен кыргызстандык жарандардын сөөгү мекенине жеткирилип, туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы 20-сентябрда кабарлады.

Министрлик Кыргызстандын Түркиядагы мекемелери менен бирге Измир провинциясынын Мендерес аймагында тик учактын кулашынан каза болгон Кыргызстандын жарандарынын сөөктөрүн мекенине жөнөтүү маселесин иштеп чыккан.

Кырсык 16-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 23:53тө катталган. Түркиянын Айыл жана токой чарба министрлигинин маалыматына караганда, тик учактын ичинде төрт экипаж болсо, алардын үчөө Кыргызстандын жараны болгон.

Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунун билдирүүсүнө караганда, учурда бир кыргыз жараны ооруканада.

Copyright © 2017 Maral FM