Биз менен байланышыңыз

Адахан Мадумаровдун иши боюнча депутаттык комиссия түзүлбөй калды

Кыска кабар | 20 Сен 2023 | 595 | 0

Жогорку Кеңештин 20-сентябрдагы жыйынында «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун кармалышынын жана кылмыш жоопкерчилигине тартылышынын мыйзамдуулугун иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүү маселеси каралды.

Комиссияга парламенттеги ар бир фракциядан бирден депутат кирет. Бирок «Мекенчил» депутаттык тобу, «Ата журт-Кыргызстан» фракциясынын мүчөлөрү комиссияга кирүүдөн баш тартканын билдиришти.

Регламент боюнча комиссиянын курамында жети депутат болушу керек, бирок алтоо гана болуп калганы үчүн комиссия түзүлбөй турган болгондо Дастан Бекешев да курамга кирди.

Бирок комиссиянын түзүлгөнү боюнча Жогорку Кеңештин токтому добуш берүүгө коюлганда колдоо тапкан жок.

Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаров 2-сентябрдын кечинде Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун чечими менен 24-октябрга чейин камакка алынган.

13-сентябрда Бишкек шаардык соту Мадумаровдун камакка алынышынын мыйзамдуулугун жана бөгөт чарасын карап, камакта калтырган.

Буга чейин Башкы прокуратура «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровду 2009-жылы кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол койгону үчүн жоопко тартууга уруксат сурап, парламентте түзүлгөн комиссия ага макулдук берген.

Copyright © 2017 Maral FM