Биз менен байланышыңыз

Садыр Жапаров Кыргызстандын артыкчылыктары тууралуу айтты

Кыска кабар | 20 Сен 2023 | 284 | 0

Президент Садыр Жапаров 19-сентябрда Нью-Йорк шаарында (АКШ) Борбор Азия жана АКШ мамлекет башчыларынын биринчи саммитине катышты.

Саммитти Жо Байден ачып, андан соң Борбор Азиянын мамлекет башчылары сөз сүйлөштү.

Президент Садыр Жапаров тараптар ортосунда күн тартиби жана талкууланып жаткан маселелердин чөйрөсү кеңейип жатканын белгиледи. Америка Кошмо Штаттары менен анын ичинде С5+1 форматында кызматташуу өлкөнүн тышкы саясатынын маанилүү багыттарынын бири экенин айтты.

Президент өлкөлөр олуттуу жаратылыш байлыктарына, энергетикалык ресурстардын жана пайдалуу кендердин ири запастарына, ошондой эле квалификациялуу жумушчу күчүнө ээ экендигин белгиледи.

«Биз чет өлкөлүк өнөктөштөрдүн, анын ичинде америкалык бизнестин биздин өлкөдө жана региондо кеңири катышуусун жактайбыз. Биз «жашыл» экономика, гидроэнергетика, IT-технология, жумуш менен камсыз кылуу жана билим берүү сыяктуу негизги багыттар боюнча кеңири эл аралык кызматташууга даярбыз. Бизде өнөр жай, айыл чарба, ирригация, транспорттук-логикалык система чөйрөсүндө,  инфраструктуралык долбоорлорду кошкондо, ар кандай долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылууда.

Биз өлкөнүн маанилүү транспорттук артерияларын модернизациялоону улантып жатабыз. Темир жол байланышы жаатында ири регионалдык долбоор пландаштырылууда. Бул багыттардын бардыгы деңизге чыга албаган өлкө катары биз үчүн артыкчылыктуу мааниге ээ», — деп белгиледи Садыр Жапаров.

Мамлекет башчы Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жылына болжол менен 142,5 млрд кВт-саатты түзөрүн, өлкө энергиянын кайра жаралуучу булактарынын ар кандай түрлөрүнүн чоң потенциалына ээ экенин белгиледи.

Инвесторлорду, эл аралык өнөктөштөрдү жана финансылык институттарды ГЭС, энергиянын кайра жаралуучу булактарынын башка объектилерин куруу боюнча долбоорлорду ишке ашыруу үчүн инвестициялык кызматташууга чакырды.

«Үстүбүздөгү жылы биз мамлекеттик тышкы карызды реструктуризациялоо, анын ичинде аны «жашыл» экономика чөйрөсүндөгү долбоорлорго алмашуу механизмин колдонуу демилгесин да көтөрдүк. Америкалык тарап өнөктөштөр жана эл аралык финансы институттары менен иштешүүгө көмөк көрсөтөт деп ишенебиз», — деди Жапаров.

Президент БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын жалпы дебаттарынын ачылыш аземине да катышты. Иш-чарага дүйнөнүн 193 өлкөсүнүн мамлекет башчылары жана делегациялары барды.

Copyright © 2017 Maral FM