Биз менен байланышыңыз

Мамлекеттик авиакомпания ички каттамдардын баасын арзандатабы?

Коом , Экономика | 19 Сен 2023 | 458 | 0

«Манас» эл аралык аэропортуна караштуу «Асман эйрлайнс» мамлекеттик компаниясы түзүлөт. Ага Канададан 80 жүргүнчүгө ылайыкташкан эки учак алынат. Алар ички каттамдарды аткарат. Ошондой эле бир катар мамлекеттерге түз каттамдар ачылып, кошуна өлкөлөргө учуулар көбөйгөнү маалым болду. Мындан сырткары кошуна Өзбекстанга Ош аркылуу Ош-Ташкент багыты боюнча каттам ачууга сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Бул тууралуу маалымат жыйында айтылды. 

Кыргызстанда «Манас» аэропортуна караштуу «Асман эйрлайнс» авиакомпаниясы ачылат. Авиакомпаниянын 100% акциясы аэропортко таандык болот. «Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидиновдун айтымында, авиакомпания үчүн канадалык компаниядан эки учак алынат, ар бир учак алты млн доллар турат, учактар 2013-жылы чыгарылган.

«Жаңы алына турган учактар Канададан чыккан. Биз эки учак алуу боюнча келишимдерге кол койгонбуз. Алар 2024-жылдын май айларында келип, жаңы каттамдарга чыга баштайт. Учактардын бирөөнүн баасы алты миллон доллар турат. Ал учактар 2013-жылы чыгарылган. Маалымат катары айта кетейин, авиацияда 2013-жылы чыккан учактардын абалы, жылы «жакшы» деп эсептелет. Ал эми азыркы учурда биз колдонуп жаткан учактардын көпчүлүгү 1980-1990-жылы чыккан».

Ошондой эле бир катар мамлекеттерге Кыргызстандан жаңы түз аба каттамдарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында «Манас» эл аралык аэропортунун коммерциялык директору Тимур Аралбаев кабарлады.

Анын айтымында, октябрдын аягында «Шарм-аль-Шейх (Египет) – Бишкек» мезгилдик чартердик рейси ачылат. Ошондой эле «Нячанг – Бишкек» каттамы ачылат.

«Бир катар өлкөлөргө болгон авиакаттамдар көбөйтүлдү. Мындан сырткары «Ош – Ташкент» рейси ачылышы мүмкүн, учурда аталган маселе иштелүүдө. Тарыхта буга чейин мындай каттам болгон эмес. Учурда уруксат документтерин алуу стадиясындабыз. Ошондой эле Кыргызстан менен Түркиянын борборлорунун ортосунда үзгүлтүксүз аба каттамдары ачылган. Анда жарандар эки өлкөнүн борборлоруна түз «Бишкек-Анкара-Бишкек» каттамдары аркылуу бара алышат. Мындан сырткары ушул жылдын август айында «Жидда-Бишкек-Жидда» багыты боюнча да учуулар башталган, октябрь айынан баштап дагы учуулардын саны көбөйтүлөт. Азербажан менен да түз каттамдарды ачканбыз, анда жарандар «Бишкек-Баку-Бишкек» багыты боюнча уча алат. Кошуна өлкөлөр менен аба каттамдардын санын көбөйттүк».

Мындан сырткары «Ош – Ташкент», «Ош – Үрүмчү», «Бишкек – Чэнду» аба каттамдарын ачуу пландалып жатканын кошумчалады Аралбаев.

Анын айтымында, өткөн жылы «Казарман», «Нарын», «Кербен», «Талас» аэропортторунда оңдоп-түзөө, ал эми «Каракол» менен «Тамчыда» жаңы аэровокзал куруу иштери башталган.

«Манас» эл аралык аэрпортунун инфракструктура жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов аймактардагы аэропорттордун абалы жана оңдоп-түзөө иштери боюнча буларга токтолду:

«Караколдо учуу-конуу тилкесин 3 миң 800 метрге чейин узартып, жаңы аэровокзал куруп жатабыз. Ал саатына 250 адамды өткөрүүгө жөндөмдүү 8 миң чарчы метрге жакын аянтты түзөт. «Тамчы» аэропортунун өткөрүү жөндөмдүүлүгү саатына 100 адамды түзүп келсе, эми биз 18 миң чарчы метрлик аэропорттун жаңы терминалын курууну чечтик, анда саатына 450 адам өткөрүүгө болот. Казарманга 1980-жылдары аэропорт курулган. Ал жакта оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат, Транспорт министрлиги учуу-конуу тилкелеринде иштерин аяктап калды».

Ал Баткендеги аэропорттун учуу-конуу тилкесинде оңдоп-түзөө иштери аяктап калганын, ал эми ноябрь-декабрь айларында түнкү убакта да учактарды кабыл алууга боло турган жарыктарды орнотуу пландалып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле ички каттамдардын билет баасы кымат болуп жатканы тууралуу да сөз болду. Ага «Манас» эл аралык аэропортунун башкармалыгынын төрагасы Манасбек Самидинов мамлекеттик мекеме билет баасына кийлигише албасын, болгону шарт гана түзүп берүүгө милдетүү экенин айтты.

«Бизде учуп жаткан ички каттамдардын жеке менчик компаниялар аткарат. Алар өздөрүнүн чыгашасына жараша билеттин баасын коё алат. Жарандарга түз сатабы же агенттер аркылуу сатабы, ал өздөрүнүн иши. Биз аларга бир чек коюп же бухгалтердик иштерине кийлигише албайбыз. Биздин негизги милдет: учуп-конууга шарт түзүп, инфраструктураны жакшыртуу. Ошону үчүн мамлекеттик компания ачып жатабыз. Ошондо айтсаңар болот, «эмнеге билет кымбат, качан түшүрөсүңөр?» деп. «Асман эйрлайнс» бардык жарандарга ыңгайлуу баада коёбуз. Ошондой эле билеттерде жеке менчик авиакассалар аркылуу эмес, тиркеме аркылуу жарандар өздөрү кирип, компаниядан түз сатып ала тургандай шарт түзүүгө аракет кылып жатабыз».

Буга чейин ички каттамдардын билет баасы кымбат болуп жатканы коомчулукта нааразылыкты жараткан.

«Манас» эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомуна Кыргызстандын аймагындагы 11 аэропорт карайт. Алардын бешөө: «Манас», «Ош», «Ысык-Көл», «Каракол», «Баткен» эл аралык, ал эми алтоо: «Жалал-Абад», «Исфана», «Караван», «Казарман», «Нарын», «Талас» аймактык макамга ээ. Өкмөт ички аба каттамдарды көбөйтүү үчүн аймактагы бир катар аэропортторду жаңылап жатканын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM