Биз менен байланышыңыз

Азербайжан Тоолуу Карабахта антитеррордук абал жарыялады

Дүйнө , Кыска кабар | 19 Сен 2023 | 248 | 0

Бүгүн, 19-сентябрда Азербайжан бийлиги Тоолуу Карабахта антитеррордук операциялар башталганын расмий жарыялады. Азербайжандын Коргоо министрлиги муну өлкө аймагында конституциялык түзүмдү сактап калуу үчүн деп түшүндүрдү.

Учурда жергиликтүү басылмалар эки тараптуу ок атышуулар болуп жатканын жазды. Азербайжандын расмий маалыматында, чабуулду Армения тарап баштаган. Азыркы тапта Азербайжан так позицияны аныктоочу курал колдонуп, Армениянын аскердик жайларына чабуул кылганын айтууда. Алар Армениянын жай тургундарына жана коомдук жайларга ок чыгарбай турганын жазды.

Азербайжан антитеррордук абалды жарыялаганы жай тургундар миналарга кабылып жатышканы, жарылуунун кесепетинен аскерлер да каза таап жатышканы айтылууда.

Ал эми Армения Азербайжан чабуул үчүн израилдик учкучсуз учактарды колдонуп, Мартакерт аймагы да аткылоого алынганын билдирди.

Орусия учурда Азербайжан менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын орус ТИМинин расмий өкүлү Мария Захарова айтып чыкты.

Кечээ 18-сентябрда Армениянын өкмөт башчысы Николь Пашинян билдирүү жасап, 5-октябрда Армения менен Азербайжандын ортосундагы тынчтык келишимине кол койбой турганын жарыялаган.

5-октябрда Испаниянын Гранада шаарында Армения, Азербайжан, Франция, Германия президенттери жана Евробиримдиктин жетекчиси менен беш тараптуу сүйлөшүү болмок.

Армениянын өкмөт башчысы биздин талаптар аткарылбай жатат деп билдирүүдө. Ал эми Азербайжан Армения тынчтык сүйлөшүүлөрдү негизсиз созуп жатканын, анын айынан аймакта гуманитардык кризисин жаралганын айтууда.

Белгилей кетсек, Азербайжан Тоолуу Карабахтын дээрлик 70% аймагын өзүнө кайра алган. Ал эми армян улуту жашап жаткан бөлүгү Армениянын көзөмөлүндө. Алар Лачын трассасы аркылуу түз коридор сурап келет. Бирок Азербайжан аны «аткарылбай турган сунуш» деп баалаган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM