Биз менен байланышыңыз

Аба-ырайы: Эртең көпчүлүк аймактарда жаан жаайт

Кыска кабар | 19 Сен 2023 | 143 | 0

Кыргызгидромет билдиргендей, 20-сентябрда түнкүсүн Чүй, Талас, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаап, Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Күндүз көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн +8…+13, күндүз +14…+19,

Талас өрөөнүндө түнкүсүн +3…+8, күндүз +12…+17,

Баткен, Ош, Жалал-Абад аймактарында түнкүсүн +9…+14, күндүз +15…+20,

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +6…+11, күндүз +11…+16,

Нарын облусунда түнкүсүн +4…+9, күндүз +11…+16.

Бишкекте түнкүсүн 8…10, күндүз 16…18 градус болот.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM