Биз менен байланышыңыз

20-22-сентябрда аба ырайы кескин өзгөрөт

Кыска кабар | 19 Сен 2023 | 372 | 0

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.

Мекеменин маалыматына караганда, 20-22-сентябрында өлкө аймагында күтүлүп жаткан туруксуз аба ырайына жана нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоо этектериндеги райондорунда суунун дэңгээли көтөрүлүшү жана сел жүрүшү мүмкүн.

Дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт. ӨКМ жарандарды сак болууга чакырат.

20-22-сентябрда өлкөнүн аймагында аба ырайы кескин өзгөрүп, 20-сентябрда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, айрым жерлерде катуу жаашы, күн күркүрөшү, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, айрым жерлерде 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM