Биз менен байланышыңыз

Талас облусунда баңгизат сатуу каналы аныкталды

Кыска кабар | 19 Сен 2023 | 100 | 0

Талас облусунун аймагында баңгизаттарды сатуу каналы аныкталып, бөгөт коюлду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Ыкчам издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Н.А. аттуу жаран Токтогул районунан алып келинген баңгизатын сатуу менен алектенгени аныкталган.

Жогорудагы факты боюнча чогултулган материалдардын негизинде Кылмыш-жаза кодексинин 283-беренеси менен кылмыш иши козголуп, анын алкагында Н.А.нын жашаган жерине тинтүү жүргүзүлүп, жалпы салмагы 7,5 кг болгон өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү заттар (болжолдуу түрдө «марихуана») табылган.

Учурда соттук-химиялык экспертиза дайындалып, бул фактыга тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча ыкчам-издөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM