Биз менен байланышыңыз

Кыргызстан бир нече өлкөгө түз аба каттамын ачууну пландоодо

Кыска кабар | 19 Сен 2023 | 235 | 0

Кыргызстандан Өзбекстан, Кытай, Египет жана Вьетнамга жаңы түз аба каттамдарын ачуу пландалууда. Бул тууралуу маалымат жыйында «Манас» эл аралык аэропортунун коммерциялык директору Тимур Аралбаев кабарлады.

Анын айтымында, октябрдын аягында Шарм-аш-Шейх (Египет) – Бишкек мезгилдик чартердик рейси ачылат. Ошондой эле Нячанг – Бишкек (Вьетнам) каттамы ачылат.

Мындан сырткары Ош – Ташкент, Ош – Үрүмчү, Бишкек – Чэнду аба каттамдарын ачуу пландалууда.

«Ош – Ташкент рейси ачылышы мүмкүн, учурда аталган маселе иштелүүдө. Тарыхта буга чейин мындай каттам болгон эмес. Учурда уруксат документтерин алуу стадиясындабыз», — деди Аралбаев.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM