Биз менен байланышыңыз

Жапаров жакырчылыкты жоюу, мөңгүлөрдү коргоо тууралуу маселе көтөрдү

Кыска кабар | 19 Сен 2023 | 430 | 0

Президент Садыр Жапаров 18-сентябрда БУУнун Башкы Ассамблеясынын 78-сессиясынын туруктуу өнүгүү максаттары боюнча саммитинде сүйлөп жатып, жакырчылыкты жоюу, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо, билим берүү маселелерин көтөрдү.

БУУнун жакында жарыяланган туруктуу өнүктүрүү боюнча баяндамасына ылайык, Кыргызстан БУУга мүчө болгон 166 мамлекеттин ичинен 45-орунду ээлеген. 2030-жылга чейин мыкты 30 өлкөнүн катарына кирүүгө умтулат.

«Кыргызстан COVID -19 пандемиясы башталганга чейин жакырчылыкты кыскартууда көзгө көрүнөрлүк прогресске жетишкен. Бирок коронавирустун башталышы менен жакырчылыктын жалпы деңгээли 2019-жылы 20 пайыздан 2020-жылы 25 пайызга чейин көтөрүлдү. Жакырчылыктын динамикасын төмөндөтүү жолуна кайтаруу үчүн акыйкаттыкка жана инклюзивдүүлүккө негизделген социалдык коргоо системасын бекемдөө биз үчүн принципиалдуу мааниге ээ. Кыргыз Республикасы ага бирдей жеткиликтүүлүктү камсыз кылуу, анын сапатын жогорулатуу жана каржылоо жолу менен билим берүү системасын комплекстүү трансформациялоого умтулат», — деди Жапаров.

Президент Кыргызстан климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирине дуушар болуп жатканын билдирди.

Акыркы 20 жылдын ичинде орточо температуранын өсүү темпи дүйнөлүк орточо көрсөткүчтөн ашып кетти, ал эми дүйнөдөгү эң көп чыгындылардын сценарийи боюнча өлкөнүн көрсөткүчтөрү аймактагы эң жогорку көрсөткүчкө ээ болушу күтүлүүдө. Мөңгүлөрдүн андан ары эриши жана суунун деңгээлинин азайышы аймактагы азык-түлүк туруксуздугун азыркыдан да күчөтүп, жакырчылыкты, миграцияны жана теңсиздикти тездетиши мүмкүн.

«Мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоо максатында биз БУУнун колдоосу астында климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо боюнча программаларды ишке ашыруу, тышкы карызды экология боюнча долбоорлорго алмашуу үчүн атайын Фонд түзүү аркылуу өтө аялуу өнүгүп жаткан тоолуу өлкөлөр үчүн өзүнчө максаттуу каржылоону колдойбуз», —  деди президент.

Садыр Жапаров АКШга 18-сентябрда барды. Ал БУУнун Башкы катчысы Антониу Гутерриш менен, БУУнун Башкы Ассамблеясынын алкагында чет мамлекеттердин жана эл аралык финансы институттарынын башчылары менен бир катар жолугушууларды өткөрөт.

Ошондой эле Жапаров АКШнын бир катар ири компанияларынын өкүлдөрү менен кыргыз-америка бизнес-форумунда сөз сүйлөйт.

Copyright © 2017 Maral FM