Биз менен байланышыңыз

Чек ара: Тажик ТИМине чакырылган элчи, Ташиевдин билдирүүсү

Коом , Саясат | 18 Сен 2023 | 1848 | 0

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев 16-сентябрда бул өлкөнүн Тышкы иштер министрлигине чакырылган. Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тажик тарап 15-сентябрда маалымат мейкиндигинде пайда болгон Кыргызстандын мамлекеттик жогорку даражалуу өкүлүнүн чек ара маселелери боюнча айткандарына тынчсыздануусун билдирип, ал пикир кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо процессине олуттуу зыянын тийгизиши мүмкүн экенин кыйыткан. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча маалымат бере элек.

15-сентябрда Баткен шаарынын борбордук паркында чек ара жаңжалында курман болгондорду эскерүү иш-чарасы өткөн. Анда Камчыбек Ташиев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен гана чечилерин, эгер тажик тарап Кыргызстанга карата дооматтарынан баш тартпаса, анда Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде аларга доо коё турганын айткан.

Атайын кызматтын төрагасы кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын да кошумчалаган.

«Ушуга чейин бизге коңшубуз Тажикстан аймактык дооматтарды коюп келген. Биз ага ар дайым жооп берип, аймактык доомат коюлбашы керек деп келгенбиз. Биз жакында жаңы документтерди таптык. Ошол документтердин негизинде биздин мамлекетибиздин көптөгөн жерлери Тажикстанга өтүп кеткенин билебиз. Аны юридикалык, тарыхый документтер менен тактап бере алабыз. Эгер коңшу мамлекет аймактык дооматтарынан баш тартпай турган болсо, анда биз юридикалык жактан аймактык дооматтарды коёбуз».

Мурдагы вице-премьер-министр, чек ара боюнча комиссиянын мурдагы жетекчиси Абдырахман Маматалиевдин пикиринде, элчи Эрлан Абдылдаевдин Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылганы негизсиз. Маматалиев көп жыл чек араны тактоо иштерине катышып калганын, бул маселе ага чейин деле көтөрүлүп келгенин айтат.

«Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаевди Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги чакырып, нота бергени негизсиз деп ойлойм. Анткени Камчыбек Ташиевдин айтканы туура, жөнү бар. Эгер алар кайра эле чагымчыл маселе көтөрүп, дооматтарын коё берсе, биздин бийлик да адекваттуу жообун бериши керек. Камчыбек Ташиев айткандай, бүгүнкү күндө архивде такталган, туура документтер бар. «Эгер алар уланта берсе, биз да силерге ушундай маселени коёбуз» деген мааниде айтты. Ал туура айтып жатат, муну туура эмес кабыл алып, элчини чакырганы туура эмес. Анын сүйлөгөнүн туура талдап, маани берсе болмок, ал жерде ал «тынчтык жолу менен чечели» деп жатат»

Ошондой эле бир катар коомдук-мамлекеттик, саясий-маданий ишмерлер, УКМКнын ардагерлери Камчыбек Ташиевдин сөздөрүндө чек ара сүйлөшүүлөрүнө кедерги тийгизе турган маселелер жок экенин айтышып, социалдык тармактар аркылуу кайрылуу жасашкан.

Чек ара кызматынын мурдагы жетекчиси, генерал Токон Мамытов элчиге нота бербестен, жөн гана чакырып, түшүндүрүү ишин жүргүзсө болмок деген ойдо. Ошондой эле Борбор Азия мамлекеттеринин лидерлеринин саммити бүтө электе элчинин ТИМге чакырылганын туура эмес көрүнүш катары баалайт.

«Өз жергесинде Борбор Азия мамлекеттеринин саммитин өткөрүп жатып, өлкө башчылар ал өлкөдөн кете электе Кыргызстандын элчисин чакырып, нота бергени туура эмес. Жөн гана биздин элчи менен сүйлөшсө болмок. «Эмне деген мааниде айтылды, чечмелеп бергилечи» десе, биздин элчи баарын түшүндүрүп бермек. Мындайча айтканда, «маселени чечем дегендер чечүү жолун издейт, чечпейм дегендер чатак жолун издейт», ушундай мааниде болду.  Башка өлкөлөрдүн кээ бир эксперттери да ушундай баа берүүдө, биз аларды карап, угуп турабыз».

УКМКнын төрагасынын мурунку орун басары Артур Медетбеков эки өлкө чек ара маселесин тынчтык жана дипломатиялык жол менен чечиши керек деген пикирин айтты.

«Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чек ара маселеси дагы деле толук чечиле элек. Өткөндө Кыргызстандын президенти Тажикстанга болгон иш сапарынын алкагында чек ара, суу боюнча орчундуу маселелерди сүйлөшүп келди. Ошону менен бирге УКМКнын төрагасы бул маселе боюнча өз пикирин айтып, чек ара маселесин чечүүдө эки өлкө ортосунда эч кандай умтулуу болбошу керек экенин билдирди. Эгер умтулуу болсо, Кыргызстандын да бир сырдуу документтери бар, өзгөчө Тоолуу-Бадахшан жана Жерге-Тал аймактары боюнча маалыматтар бар. Биз да ошондой умтулууга, же болбосо ошондой пикирди айтууга мүмкүнчүлүктөрдү түзөбүз деп айтууда. Кандай болбосун, эки өлкө чек ара маселесин тынчтык, дипломаттык жол менен чечиши керек”.  

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылдын сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, былтыр 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон.

Кандуу окуядан кийин эки өлкө ортосунда чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттөр аралык комиссия түзүлүп, чек араны тактоо иштерин жүргүзүп келүүдө.

Буга чейин август айында Кыргызстандын өкмөтү кыргыз-тажик чек арасынын 101,86 км сызыгы демаркацияланганы тууралуу комментарий берген.

Топографиялык комиссиялар жалпысынан жети жолу жолугушуу өткөргөнү да маалыматта айтылган.

Copyright © 2017 Maral FM