Биз менен байланышыңыз

Ким Чен Ындын Орусияга сапары аяктады. Курал-жарак боюнча келишим болгон жок

Дүйнө , Кыска кабар | 18 Сен 2023 | 311 | 0

Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын бир жумага созулган Орусияга сапарын аяктады. Бул өлкөнүн расмий агенттигинин маалыматына караганда, 18-сентябрдын кечинде Түндүк Корея лидеринин бронепоезди Владивостоктун жанындагы темир жол станциясынан чыгып кеткен.

Сапардын алкагында Ким Чен Ын Орусиянын президенти Владимир Путин, ошондой эле коргоо министри Сергей Шойгу менен сүйлөшүүлөрдү өткөрдү.

Анын Орусияга сапарынын алдында батыштык эксперттер Орусия Түндүк Кореядан Украинадагы согуш үчүн курал-жарак жана ок-дарыларды берүүнү суранышы мүмкүн деп болжошкон. Бирок сапарда мындай келишимдер болбогонун BBC орус кызматы маалымдады.

«Интерфакс» маалымат агенттиги Кореянын Борбордук жаңылыктар агенттигинин билдирүүсүнө шилтеме жасап, Ким Чен Ындын сапары Орусия менен Түндүк Кореянын мамилелерин өнүктүрүүнүн жаңы барагын ачты деп жазды.

Ким Чен Ын 12-сентябрда брондолгон поезди менен Орусияга келген. Ал Путин менен Амур облусундагы «Восточный» космодромунда жолугуп, андан соң аймакты кыдырууну уланткан. Ал авиазаводдо, ошондой эле Яковлев атындагы авиакомпаниянын өндүрүштүк борборунда болду.

Түндүк Корея лидери Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу менен жолугушуп, орусиялык аскерий учактарды жана орус аскерлери Украинага бир нече жолу чабуул койгон «Кинжал» ракеталык системасын көрдү. Ошондой эле Тынч океан флотунун «Маршал Шапошников» деген согуштук кемеде болду.

ТАСС агенттиги маалымдагандай, Ким Чен Ындын Приморьеге болгон сапарында облус губернатору Олег Кожемяко Ким Чен Ынга ок өтпөс жилет, дрон жана тепловизорлорго көрүнбөгөн кийимдерди белекке берген.

«Түндүк Корея лидерине ошондой эле беш камикадзе учкучсуз жана тик учуу функциясы бар «Герань 25″ үлгүсүндөгү чалгындоочу учкучсуз учак белекке берилди» , — деп айтылат маалыматта.

Орусия менен Түндүк Кореянын президенттери акыркы жолу 2019-жылы Владивостокто жолугушкан. Анда да Ким Чен Ын Владивостокко брондолгон поезд менен келген.

Ким Чен Ын чет өлкө сапарларында негизинен темир жол транспортун колдонуп келет. Бул анын коопсуздугу үчүн эң ишенимдүү унаа деп айтылат. Буга чейин ал Кытайга да поезд менен барган. Түндүк Кореяны Орусия жана Кытай менен түз байланыштырган темир жол линиялары өткөн кылымда курулган. Корей жарым аралын экиге бөлгөн согушта да бул темир жолдордун стратегиялык ролу чоң болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM