Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандык окуучулар ТҮРКСОЙдун дил баяндар сынагынын жеңүүчүсү болушту

Кыска кабар | 17 Сен 2023 | 506 | 0

Түркиянын Анкара шаарында “ТҮРКСОЙ – түрк дүйнөсүнүн алтын көпүрөсү” темасындагы мыкты дил баяндар сынагынын жана Түрк дүйнөсүнүн жаш сүрөтчүлөрүнүн эл аралык сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи болуп өттү.

Эл аралык түрк маданияты уюму ТҮРКСОЙ тарабынан уюмдун түзүлгөнүнүн 30 жылдыгына карата уюштурулган сынакка ТҮРКСОЙго мүчө өлкөлөрдүн орто мектептеринин окуучулары катышты. Сынакка жалпысынан 50 миңге жакын эссе авторлору жана жаш сүрөтчүлөр катышып, калыстар тобу ар бир өлкөдөн ар бир номинация жана жаш категориясы боюнча 3 жеңүүчүнү тандап алышкан.
Сынакта биринчи, экинчи жана үчүнчү орунду ээлеген Кыргызстандын ар кайсы аймактарынан келген алты мектеп окуучусу дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM