Биз менен байланышыңыз

Эки кыргызстандык Грузияда чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кармалды

Кыска кабар | 17 Сен 2023 | 422 | 0

Грузияда эки кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн кармалды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн чек ара полициясы билдирген.

Маалыматта Грузиянын чек ара полициясынын кызматкерлери Кыргызстандын эки жаранын кармаганы айтылат. Алар Түркиядан жүк алып бара жаткан жүк ташуучу унаага жашырынып баратышкан. Алар Батумиде кармалды.

Грузиянын мыйзамы боюнча аларды 4-5 жылга чейинки абак жазасы күтөт.

 

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM