Биз менен байланышыңыз

Кыргызстанда Халал эт паркын куруунун ТЭОсу кабыл алынды

Кыска кабар | 17 Сен 2023 | 199 | 0

Кыргызстанда Халал паркын куруунун техникалык-экономикалык негиздемесин даярдоо боюнча иштер аяктап жатат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлиги билдирди.

Ислам өнүктүрүү банкы жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясынын ортосундагы келишимге ылайык Кыргызстанда «Халал эт паркын» курууга долбоорду даярдоо боюнча иштер аяктап жатат.

Макулдашуунун алкагында Ислам өнүктүрүү банкы 280 миң доллар жана Жеке секторду өнүктүрүү боюнча Ислам корпорациясы 100 миң доллар кайтарымсыз грант бөлүүдө. Ал эми кыргыз тараптын долбоорду иштеп чыгууга кошкон салымы 50,0 миң долларды түзөт.

Халал паркын курууга жана ишке ашырууга пландалган сумма 54,5 миллион долларды түзөт. Макулдашууну ишке ашыруунун алкагында Кыргыз-Малайзия корпорациясынын Консорциуму, The Chambers Shamsul Qamar жана HalNex Sdn Bhd менен Халал паркы долбоорунун техникалык-экономикалык негиздемесин иштеп чыгуу боюнча келишимге кол коюлган.

Быйыл 27-июлда жогорудагы жумушчу топ кезектеги отурумунда Халал паркынын ТЭО-3 Компоненти боюнча Консорциумдун берилген отчетун карап чыгып, кабыл алган. Жыйынтыктоочу отчет аяктагандан кийин Халал паркын курууга каражат табуу маселеси иштелип чыгат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM