Connect with us

Кытайдан келген офтальмолог дарыгерлер көзгө бекер операцияларды жасоодо

Кыска кабар | 17 Сен 2023 | 352 | 0

Кытайдан келген офтальмолог дарыгерлер көзгө бекер операцияларды жасоодо. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 16-сентябрда, Саламаттык сактоо министринин орун басары Бакыт Джангазиев, Кытайдын элчиси Ду Дэвэнь Улуттук госпиталга келишип, 12-сентябрдан баштап кытайлык адистер тарабынан кыргызстандыктарга жасалып жаткан акысыз офтальмологиялык операциялардын өтүшү менен таанышышты.

Бул операциялар Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы “Экспресс ден соолук” долбоорунун алкагында ишке ашууда.

Улуттук госпиталдын башкы дарыгери Бакыт Төлөгөнов бүгүнкү күндө 150 бейтапка ийгиликтүү операция жасалып, дагы жарымын 26-сентябрга чейин бүтүрүү пландалып жатканын билдирди.

Белгилей кетсек, кытайлык адистер 12-сентябрдан 28-сентябрга чейин 600 кыргызстандыкка катаракта операциясын бекер жасашат. Бишкектеги Улуттук госпиталда 300 операция жасалса, 17-сентябрдан 29-сентябрга чейин Ош облустар аралык бириккен ооруканасында дагы 300 операция пландалууда. Мындан тышкары, кытайлык адистер жогоруда аталган ооруканалардын көз микрохирургиясы бөлүмдөрүнө бекер медициналык жабдууларды тапшырышат.

Пикир калтырыңыз

Leave a Reply

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM