Биз менен байланышыңыз

Кыргызстандын элчиси Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды

Кыска кабар | 16 Сен 2023 | 483 | 0

Бүгүн, 16-сентябрда Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Эрлан Абдылдаев Тажикстандын Тышкы иштер министрлигине чакырылды. Бул тууралуу Тажикстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынын билдирүүсүндө айтылат.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө тажик тарап 15-сентябрда маалымат мейкиндигинде пайда болгон Кыргызстандын мамлекеттик жогорку даражалуу өкүлүнүн кыргыз-тажик чек ара маселелери боюнча билдирүүсүнө тынчсыздануу билдирген.

«Мындай пикирлер кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча сүйлөшүүлөр процессинин жүрүшүнө олуттуу зыян келтириши мүмкүн» , — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги бул боюнча маалымат бере элек.

15-сентябрда Баткен шаарынын борбордук паркында чек ара окуясында каза болгон аскер кызматкерлерин жана жайкын тургундарды эскерүү иш-чарасы өткөн. Анда Камчыбек Ташиев сөз сүйлөп жатып, чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен гана чечилерин баса белгилеп, бирок эгер тажик тарап Кыргызстанга карата чек ара дооматтарынан баш тартпаса, анда Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде аларга доо коё тургандыгын айткан.

Атайын кызматтын төрагасы кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын да кошумчалаган.

2021-жылы апрель айында 36 кыргызстандык курман болгон, тажик тараптан 19 адам каза болгону расмий жарыяланган.

2022-жылкы сентябрь айындагы кагылышта Кыргызстан бери дегенде 75 жаранынан айрылган, Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги 41 жараны каза тапканын билдирген.

Кыргызстандын Чек ара кызматынын расмий маалыматына караганда, былтыр 14-сентябрда башталып, 19-сентябрда басылган окуяда каза тапкан 75 кыргызстандыктын 51и аскер кызматкери, алардын 42си чек арачы болгон.

Copyright © 2017 Maral FM