Биз менен байланышыңыз

Бейөкмөт уюмдар парламентти «чет элдик агент» мыйзамын четке кагууга чакырды

Кыска кабар | 16 Сен 2023 | 280 | 0

Бир катар бейөкмөт уюмдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин депутаттарын «чет элдик агент» жөнүндөгү мыйзамды четке кагууга чакырышты. Алар өздөрүнүн кайрылуусун социалдык тармактарга жарыялашты.

Кайрылуунун авторлору мыйзам долбоорунда демократиянын принциптерине жана Конституцияга карама-каршы келген басмырлоочу жоболор камтылганын белгилешти. Эгер документ кабыл алынса, Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгү, анын ичинде чет элдик уюмдардын жана алардын Кыргызстанда катталган өкүлчүлүктөрүнүн иши олуттуу чектелет.

18-сентябрда Жогорку Кеңештин укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү боюнча комитети «чет элдик өкүл» түшүнүгүн киргизүү сунушталган мыйзам долбоорун карайт. Маселе күн тартибине киргизилди.

2022-жылы «Ата журт — Кыргызстан» фракциясынын депутаты Надира Нарматова 2016-жылы каралып, колдоо таппай калган бейөкмөт уюмдарга «чет элдик агент» макамын берүүнү сунуштаган мыйзам долбоорун кайрадан демилгелеген.

Документте бейөкмөт уюмдардын ишмердүүлүгүн жана мамлекеттик каттоону жөнгө салган мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталган.

Юристтер бул мыйзам долбоору өлкөдөгү сөз эркиндигине, жарандык жана саясий укуктарды жайылтуу менен алектенген бейөкмөт уюмдардын ишине коркунуч жаратарын белгилешет.

«Коммерциялык эмес уюмдар жөнүндө» мыйзамга жана «Кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча» мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште 19-майда каттоого алынган.

Мыйзам долбооруна демилгечи болгон топтон бир катар депутат чыгып кетти.

Copyright © 2017 Maral FM