Биз менен байланышыңыз

Ташиев: Тажикстан чек ара дооматынан баш тартпаса, Кыргызстан да жаңы документтерге таянып, доомат коет

Кыска кабар | 16 Сен 2023 | 376 | 0

Баткен шаарынын борбордук паркында 2021-2022-жылдары тажик тараптын куралдуу агрессиясынан каза болгон кыргызстандыктарды, анын ичинде аскер кызматкерлерин жана жайкын тургундарды эскерүү иш-чарасы 15-сентябрда өттү.

Ага Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү,  тургундар жана мерт кеткен жарандардын жакындары катышып, эскерүү аземинде, куралдуу кол салуудан каза тапкандар үчүн орнотулган эстелик ачылды.

Камчыбек Ташиев анда сөз сүйлөп жатып, чек ара маселеси сүйлөшүү жолу менен гана чечилерин баса белгилеп, бирок эгер тажик тарап Кыргызстанга карата чек ара дооматтарынан баш тартпаса, анда Кыргызстан да тарыхый документтердин негизинде аларга доо коё тургандыгын айтты.

Атайын кызматтын төрагасы кыргыз бийлиги чек ара боюнча жаңы документтерди тапканын, көптөгөн жер коңшу өлкөгө өтүп кеткенин ошол кагаздардын негизинде аныктап бере аларын айтты.

«Ушуга чейин биз бардык маселени тынчтык жолу, жакшылык жолу менен чечүүгө аракет кылып келгенбиз. Дагы деле ошондой аракет кылабыз. Бирок айтып коюшум керек, биздин мамлекетке өткөн жылы агрессия болгону анык жана мындан ары мындайга жол бербейбиз. Коңшубуз Тажикстан биздин мамлекетибизге чек ара боюнча территориялык дооматын коюп келген. Биз андай эч кандай дооматтар болбошу керек деп жооп берип келдик. Биз жакынкы күндөрү жаңы документтерди таптык. Анын негизинде Кыргызстандын көптөгөн жери Тажикстанга өтүп кеткенин биз билебиз, аны юридикалык тарыхый документтер менен тактап бере алабыз. Эгер коңшу мамлекет Кыргызстанга койгон территориялык дооматынан баш тартпай турган болсо, анда биз өзүбүз юридикалык жактан ошол коңшуларга территориялык дооматтарды коебуз» , — деди Камчыбек Ташиев.

Белгилей кетсек, 2021-жылы 28-30-апрелде кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын куралдуу агрессиясы орун алып, 34 кыргызстандык каза тапкан. Ал эми 2022-жылдын 14-17-сентябрындагы кайрадан куралдуу кол салууда 63 адам курман болгон.

14-сентябрда президент Садыр Жапаров Тажикстандын борбору Дүйшөмбү шаарында өлкөнүн президенти Эмомали Рахмон менен жолугушкан. Анда эки тараптуу кызматташтыктын маселелери жана кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо, демаркациялоо талкууланган.

Copyright © 2017 Maral FM