Биз менен байланышыңыз

Кийинки аптада Зеленский менен Байдендин жолугушуусу күтүлүүдө

Дүйнө , Кыска кабар | 15 Сен 2023 | 273 | 0

АКШнын президенти Жо Байден менен Украинанын президенти Владимир Зеленский келерки аптада Нью-Йоркто БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынынан кийин жолугары күтүлүүдө.

Бул тууралуу Reuters агенттигине АКШнын расмий өкүлү билдиргенин Борбор Азия жаңылыктар кызматы маалымдады.

Израилдин Украинадагы элчиси Майкл Бродский Зеленский менен Израилдин премьер-министри Биньямин Нетаньяху Нью-Йоркто жолугушарын айткан.

Украин лидери сентябрда Нью-Йоркко БУУнун Башкы ассамблеясынын жыйынына барып, өзүнүн «тынчтык формуласын» сунуштаары кабарланууда.

БУУнун Башкы ассамблеясы келерки аптада чогулат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM