Connect with us

Жаңы түзүлгөн мекеме экспортту өнүктүрүүгө канчалык жардам берет?

Экономика | 14 Сен 2023 | 352 | 0

Экономика жана коммерция министрлигине караштуу «Кыргыз экспорт» мамлекеттик мекемеси түзүлдү. Мындай чечим Министрлер кабинетинин жыйынында кабыл алынганын өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлады. Аталган мекеме экспортту өнүктүрүү жана илгерилетүү боюнча функцияларды аткаруунун сапатын жана натыйжалуулугун, экспорттук потенциалдын өсүшүн жана ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу максатында түзүлдү. Адистер жаңы мекеме түзүлгөнүн колдоп, бирок ага бөлүнгөн каражат максаттуу пайдаланылышы керектигин белгилешти. Ал эми бизнес коомчулук бүгүнкү күндө жергиликтүү өндүрүштү сыртка эскпорттоодо бир топ көйгөй бар экенин айтышууда.

Жаңы түзүлгөн борбордун негизги милдеттери: Кыргызстандын экспорттук мүмкүнчүлүгүн жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу, эл аралык жана аймактар аралык экономикалык байланыштарды өнүктүрүү, экспортту жакшыртуу аркылуу өлкө экономикасынын жаңы мейкиндиктерге чыгуусуна көмөктөшүү.

Экономист Кубанычбек Идинов бүгүнкү күндө ишкерлер өндүргөн товарларын чет өлкөлөргө чыгарарда кыйналып жатышканын белгиледи.

Идинов түзүлгөн мекеме ата мекендик өндүрүштү сыртка чыгарууга шарт түзүп берет деген ишеничте. Ошондой эле ал борбор ишке кирсе, жакшы натыйжа берет деген ойдо.

«Бул аябай бышып калган маселе болчу. Бул тармакта өзүнчө мекеме түзүлгөнү жакшы. Экономиканын ички дүң продукциясын өнүктүрүү үчүн биринчи кезекте, экспортко көбүрөөк продукция чыгарууга аракет кылуу керек. Бүгүнкү күндө ар бир ишкер өз алдынча чыгарып жатат. Кимиси жетишип, кимиси жетишпей жатканы боюнча маалымат жок. Ал эми мекеме ишке кирсе, баары бир жерде болот. Анда кайсы мамлекетке, кандай товарларды жөнөтүү керектигин такташып, ошого жараша иш кылышат. Бул максаттуу ишке кирип жаткан кызмат болуп жатат».

Дагы бир экономист Төлөнбек Абдыров экономиканы өнүктүрүү үчүн жергиликтүү товарларды сыртка чыгаруу керектигин белгиледи.

Ал буга чейин да мамлекеттик мекемелерге караштуу экспорт боюнча иш-чаралар жүргүзүлүп келгенин, бирок жыйынтыгы байкалбаганын айтат.

Мындан сырткары адис борбор кантип иш алып барышы керектигин сунуштап, кооптонуулар тууралуу да кеп кылды.

«Экспорттук борбор жакшы бир жыйынтык берет деген ойдомун. Бирок коркунучтар да бар. Дүйнө жүзүндө экономиканын глобалдашуу процесси аябай катуу болуп жаткан кезде ыкчам чараларды көрүүгө аракет кылуу керек. Бизде ар кандай бюрократияларыбыз да бар. Мисалы, жаңы сунушталган продукция болобу же каражат жагынан маселе болобу, жаңы инновацияларды киргизүү жаатындабы, ошолордун баарын ыкчам түрдө ишке ашыруу керек. Эгер мурдагыдай эле боло берсе, анда борбордун иши жакшы майнап бербей коюшу мүмкүн».

Агро өнөр жай бирикмесинин аткаруучу директору, ишкер Рустам Балтабаевдин айтуусунда, учурда жергиликтүү өндүрүштү өнүккөн мамлекеттерге чыгарууда логистикалык жактан көйгөйлөр жаралат. Ошондуктан ишкер өкмөттө жаңы түзүлгөн мекеме логистика маселесин чечип берет деген үмүттө.

«Бизде ар кандай өндүрүштөр бар. Кошуна мамлекеттерге экспорттолуп жатат. Мисалы, жашылча-жемиштер, сүт продукциялары, эт, колбаса жана суусундуктар кетет. Алыскы өнүккөн мамлекеттерге көп чыгара албайбыз. Себеби алыс, логистикалык жактан көйгөйлөр бар. Бирок бүгүнкү күндө айрым алыскы өлкөлөргө кургатылган кара өрүк, жаңгак кетет. Эми жаңы түзүлгөн борбор башка продукцияларды да алыскы өлкөлөргө чыгарууга жардам берет деп ойлойм».

Ал эми ишкер Тилек Токтогазиев буга чейин да өлкөдөгү ар кайсы тармактарды өнүктүрүү багытында ачылган мамлекеттик мекемелердин ишинен эч кандай майнап чыкпаганын айтат.

Токтогазиев мындай борборлорду жеке ишканалардын карамагына өткөрүп, мамлекет иштешине шарт түзүп берүү керектигин сунуштады.

«Мамлекеттик мекемелердин көпчүлүгү анчалык натыйжалуу иштеген жок. Иштей албайт дагы. Табиятынан ушундай. Эгер жеке кызыкчылык бар болсо, мекемелер жакшы иштейт. Ага чейин да «Кыргыз индустриясы», «Туризмди өнүктүрүү фонду» түзүлдү. Алардын туруктуу иштеп жатканын байкаган жокмун. Ар кандай көйгөйлөр жаралып калганын көрдүк. Жетекчилерин камап салды. Мындан кийин башка менеджерлер кызматка келүүдөн да кооптонуп калышты. Мындай борборлорду жеке секторлорго берип, мамлекет иштешине шарт түзүп, жардам бериши керек».

«Кыргыз Экспорт» мамлекеттик мекемесинин түзүлүшүнө байланыштуу уюштуруу-техникалык жана каржылык маселелерди чечүү Экономика жана коммерция министрлигине тапшырылды.

Кыргызстан өткөн жылдын тогуз айында экспорттук багытынын географиясын Кытай, Түштүк Азия жана Европага карай бир кыйла кеңейтти. Экспорттук товарлардын тизмесинде жаңы өндүрүмдөр пайда болду. Адистер мындай көрүнүштү орус-украин согушу жана геосаясий кырдаалга байланыштырууда.

2022-жылдын тогуз айында Кыргызстандын экспортунда Орусия 35,6%, Казакстан 24,7%, Өзбекстан 11,6%, Түркия 7,3%, Бириккен Араб Эмираттары 5,2% ал эми Кытай 3,4% үлүштү ээлеген.

Copyright © 2017 Maral FM