Биз менен байланышыңыз

УКМК: Көмүр сатууда жана экспорттоодо коррупциялык схема аныкталды

Кыска кабар | 14 Сен 2023 | 296 | 0

Кыргызстандын шахталарынан казылган көмүрдү коңшу мамлекеттерге аткез жол менен арзан баада экспорттоо фактысы аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесинин (коррупция) алкагында иликтенген иштин жүрүшүндө ишкерлердин жүк ташуу документтеринде базар баасынан үч-беш эсе төмөн баада көрсөтүлгөн түрдүү сорттогу (БК, БР, БСШ, БШ) көмүрдү сатууга көмөктөшкөн топ кармалган.

Тинтүү учурунда шектүүлөрдүн иш бөлмөлөрүнөн журналдар, келишимдер, квитанциялар, видеокөзөмөл камераларынын дисктери алынган.

Тергөө учурунда маалым болгондой, мыйзамсыз экспортко уруксат кагаз алуу үчүн көмүр казган жана ташыган ишкерлер тиешелүү тараптарга «МБанк» мобилдик тиркемеси аркылуу 300 доллар, андан кийин «спорттук общактын» мүчөлөрүнө 1000-2000 сомдон төлөп турушкан.

Мамлекеттик бажы кызматынын расмий маалыматына караганда, ушул жылдын 1-январынан 27-июлуна чейинки аралыкта Баткен облусундагы көмүр шахталарынан коңшу мамлекеттерге 318 миң тоннадан ашык ар кандай сорттогу көмүр экспорттолгон. Мунун кесепети Кыргызстанда көмүрдүн кымбаттап кетишине жол ачкан.

Натыйжада төмөндөгү адамдар кылмышка шектелип кармалышты:

– Баткен бажысынын «Кызыл-Кыя-Авто жол» көзөмөл-өткөрүү пунктунун текшерүү тобунун инспектору, 1977-жылы туулган К.И.К.,

– «Баткен» бажысынын «Кызыл-Кыя» темир жолунун материалдык-техникалык камсыздоо бөлүмүнүн инспектору, 1990-жылы туулган С.у.К.,

– Соода-өнөр жай палатасынын Баткен облустук бөлүмүнүн башчысы, 1981-жылы туулган Б.Э.Ю.,

– «Имамидинов Экспорт» ЖЧК жетекчиси, 1975-жылы туулган Т.К.И.,

– «А.Б.Б.» жеке ишканасынын негиздөөчүсү, 1986-жылы туулган А.Б.Б.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Copyright © 2017 Maral FM