Биз менен байланышыңыз

Путин менен Ким Чен Ын «Восточный» космодромунда жолугушту

Дүйнө , Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 237 | 0

Орусиянын президенти Владимир Путин бүгүн, 13-сентябрда Амур облусундагы «Восточный» космодромунда Түндүк Кореянын жетекчиси Ким Чен Ын менен жолугушту.

«Интерфакс» маалымдагандай, Түндүк Кореянын лидери космодромго атайын поезд менен келген.

Путин менен Ким Чен Ындын жолугушуусунун расмий бөлүгү «Ангара» ракетасы чогултулуучу жана сыналуучу имаратта өттү. Жолугушууда Түндүк Корея менен Орусия президенттери курал-жарак жеткирип берүү маселесин талкуулашары болжолдонууда.

Түндүк Кореянын жетекчисин өлкөнүн жогорку мартабалуу чиновниктери жана бир катар генералдар коштоп келген.

Эки өлкөнүн президенттери акыркы жолу 2019-жылы Владивостокто жолугушкан болчу. Анда да Ким Чен Ын Владивостокко брондолгон поезд менен келген.

Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын чет өлкө сапарларында негизинен темир жол транспортун колдонуп келет. Бул анын коопсуздугу үчүн эң ишенимдүү унаа деп айтылат. Буга чейин ал Кытайга да поезд менен барган. Түндүк Кореяны Орусия жана Кытай менен түз байланыштырган темир жол линиялары өткөн кылымда курулган. Корей жарым аралын экиге бөлгөн согушта да бул темир жолдордун стратегиялык ролу чоң болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM