Биз менен байланышыңыз

Кара-Кечеде күнүнө 5 миң тоннадан ашуун көмүр казылууда

Кыска кабар | 13 Сен 2023 | 230 | 0

Кара-Кече кенинде күнүнө 5 миң тоннадан ашуун көмүр казылып, 200дөй автоунаа жүктөп, аймактарга жеткирүү иштери жүргүзүүдө. Бул тууралуу энергетика министри Таалайбек Ибраев кенге барганда маалым болду.

Министр Кара-Кече кенинин жетекчилигине калкка көмүрдү үзгүлтүксүз жеткирүү боюнча тапшырма берди.

Мындан тышкары, Нарын электр тармактар ишканасынын жаңы «Дөң- Алыш» көмөк чордонунун курулуш иштерин да көрүп келди. Азыркы учурда курулуш иштери башталып, жабдыктар орнотулуп жатат. Жаңы 40 мамыча орнотулуп, 60 мамычанын орду даярдалды.

Ошондой эле энергетика министри Балыкчы шаарында жайгашкан көмүр базасына барып, көмүр ташып келүү жана жеткирүү иштери менен таанышты.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM