Биз менен байланышыңыз

Болот Темировдун иши: Жогорку Сот чечимдерди күчүндө калтырды

Кыска кабар | 12 Сен 2023 | 212 | 0

Бүгүн, 12-сентябрда Жогорку Сот иликтөөчү журналист Болот Темировдун кылмыш ишин кароону улантты. Отурумдун жүрүшүндө прокурор мурда чыгарылган өкүмдөрдү күчүндө калтырууну суранды.

Журналисттин жактоочулары Болот Темировдун аракетинде кылмыштын курамы жок экенин белгилеп, Бишкектин Свердлов райондук жана шаардык сотторунун чечимдерин жокко чыгарып, актоо өкүмүн чыгарууну суранышты. Ошондой эле аны Кыргызстандын жараны деп таануу өтүнүчү келтирилди.

Кеңешме бөлмөсүнөн кайтып келген Жогорку Соттун соттук коллегиясы мурунку инстанциялардын чечимдерин өзгөртүүсүз күчүндө калтырды. Болот Темиров өзү эл аралык сотторго кайрылуу ниетин билдирди.

«Сотто айтылган биздин арызыбызды да укпай коюшту. Мурда жок дегенде сот адилеттүүдөй көрүнсө, азыр судьялар өздөрүн да кыйнабай калышты. Ошондой эле соттук отурум судьялар тарабынан үзгүлтүккө учурап, айрым жагдайларды тактамакчы болуп, ишти кароо кечээки күндөн бүгүнкүгө жылдырылганы да түшүнүксүз бойдон калды. Тыныгуу аяктагандан кийин судьялар тараптарга бир дагы суроо беришпесе, эмне үчүн танапис жарыялоонун зарылчылыгы бар эле? Танаписте судьялар ким менен эмнени такташканы суроо бойдон калууда» , — деди жактоочу Бакыт Автандил.

Иликтөөчү журналист Болот Темиров баңгизатты мыйзамсыз даярдоого жана сактоого шектелип, 2022-жылдын 22-январында камакка алынган. 20-апрелде журналисттин үстүнөн дагы үч: «документ жасоо», «жасалма документ колдонуу» (эки) жана «чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери менен кылмыш иш козголгон.

28-сентябрда Свердлов райондук соту Темировду «баңгизат даярдоо жана сатуу», «чек арадан мыйзамсыз өтүү» беренелери боюнча күнөөсүз деп тапкан.

23-ноябрда Бишкек шаардык соту райондук соттун «жасалма документ колдонуу» беренелери боюнча өкүмүн күчүндө калтырып, ага кошумча прокурордун өтүнүчүнүн негизинде өлкөдөн чыгарып жиберүү чечимин кабыл алган.

Укук коргоо органдары Болот Темировду сот залынан күч менен алып чыгып, Орусияга беш жылга депортация кылып жиберишкен. Журналисттин адвокаты Баатыр Ботобеков шаардык соттун чечими акыйкат чечим болбогонун айтып, бул иш боюнча Жогорку Сотко да даттанарын билдирген.

Copyright © 2017 Maral FM