Connect with us

Ташиев абак шарттарына нааразы болгон саясатчыларга жооп берди (видео)

Кыска кабар | 12 Сен 2023 | 341 | 0

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев камактагы саясатчыларды түзүлгөн шарттарга нааразы болбоого чакырды. Бул тууралуу ал 11-сентябрда Жумгал районунун Чаек айылында УКМКнын жаңы имаратынын ачылышында сөз сүйлөп жатып айтты.

Ташиев белгилегендей, 30 жылдан бери өлкө үч жолу революция болуп, саясат менен гана алектенип келдик. Айрымдары бийликке келип, айрымдары камалып же бошотулду. Бирок элдин турмушу оңолбой жатат.

«Буга чейин элдин турмушу оңолуп, мамлекет, Куралдуу күчтөр өнүгүп жатат деген нерсе болгон эмес. Эмнеге? Анткени жетекчилер бир гана саясатка басым жасап, тууганчылык, кландык жиктешип, бүтүндөй Кыргызстан жөнүндө эч ким ойлогон эмес. Мамлекетибизди бекемдей турган мезгил келди. Биз бул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, мамлекетибизди бекемдешибиз керек. «Кыргыз» деген улуу ысымды сактап, кийинки муунга өткөрүп берүү биздин колубузда», — деди Ташиев.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы «өлкөдө башаламандык уюштурууга» аракет кылган бардык саясатчылар мыйзам чегинде жазаланарын да кошумчалады.

«Талашып-тартышып, бирок колунан эч нерсе келбей, тили менен буудай кууругандар, мамлекетти талан-тоноп, дагы бир ызы-чуу кылсам, өлкөдө тополоң болуп турса экен деген саясатчыларды мыйзам чегинде жазалайбыз. Башка айла жок. Жакшы сөздү түшүнбөгөндөр бар. Мына азыр ошондой саясатчылардын бири түрмөдө бизди катаал шартта кармап жатат деп айтып жатат. Түрмө — пансионат эмес, түрмө — түрмө. Бул менчиктештирип алган жеке менчик эмес, жазалоочу жер. Мындай шарттарга туруштук бере албагандар мыйзамды сактап, мамлекеттин стабилдүүлүгүнө зыян келтирбеши керек», — деди Ташиев.

Өткөн жумада «Кемпир-Абад иши» боюнча камакта отурган саясатчы Равшан Жээнбеков «Фейсбуктагы» баракчасына билдирүү жазып, бул иш боюнча камакка алынгандар абактын суук жер төлөсүндө кармалып жатышканын айткан.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 9-сентябрда Жээнбековдун билдирүүсүн төгүндөгөн маалымат тараткан.

Copyright © 2017 Maral FM