Биз менен байланышыңыз

Бишкектин айрым жерлеринде эки күн газ болбойт

Кыска кабар | 11 Сен 2023 | 257 | 0

11-сентябрдан 13-сентябрга чейинки аралыкта Бишкектин түштүк-батышында, тактап айтканда, Жаманбаев, Токтоналиев, Шакиров жана Ахунбаев көчөлөрү менен чектелген аймактарда жаратылыш газы болбойт. Бул тууралуу «Бишкекгаздын» басма сөз кызматынан билдиришти.

Бул күндөрү газ бөлүштүрүүчү тармактарды алдыдагы күз-кыш мезгилинде коопсуз жана туруктуу эксплуатациялоого даярдоо максатында газды жөнгө салуу пунктун (ШГРП № 11) алмаштыруу боюнча пландык оңдоо иштери жүргүзүлөт.

«Бишкекгаз» ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайт жана абоненттерди жаратылыш газын берүүнү убактылуу токтотууну түшүнүү менен кабыл алууну өтүнөт, ошондой эле абоненттерди аталган убакыт аралыгында энергиянын алтернативдүү булактарын колдонууну сунуштайт.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM