Биз менен байланышыңыз

Ленин шайлоо округу: 15,85% шайлоочу добуш берди

Кыска кабар | 10 Сен 2023 | 255 | 0

Бишкекте №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын шайлоо аяктады.

Саат 20:00дө бардык шайлоо участкалары ишин токтотту.

Аталган округда шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзсө, анын ичинен шайлоого 20 миң 169 адам катышкан (15,85%). Шайлоодо жалпы 24 талапкер депутаттыкка ат салышты.

Аталган округдагы шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзөт.

Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоодо добуш берүү үчүн 51 шайлоо участкасы ачылган.

Аталган округдан кайра шайлоого 24 талапкер ат салышты, алардын ичинен 19 эркек, 5 аял.

Белгилей кетсек, аталган аймактын мурдагы депутаты Жаныбек Абиров Бишкекте катталган мушташка байланыштуу мандатын тапшырган. Ага байланыштуу Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча ЖКнын депутатын мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо дайындалып, бирок анын жыйынтыгы жараксыз деп табылган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM