Президент Садыр Жапаров ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасына Toyota Corolla жана Mercedes-Benz Sprinter белек кылды.

Автоунааларды күн мурун министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы генарал-лейтенант Камчыбек Ташиев тапшырды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат кызматынан билдиришти.

Иш-чарага УКМК башчысы Камчыбек Ташиев, президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абсаттар Сыргабаев, Жалал-Абад ОИИБдин башчысы милициянын полковниги Жеңишбек Абитов, Жалал-Абад ОИИБдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Капарбек Исаков, Жалал-Абад шаарынын мэри Эрнисбек Ормоков, Жалал-Абад ОИИБдин жана ИИМдин атайын багыттагы полкунун Жалал-Абад шаарындагы өзүнчө ротасынын өздүк курамдары катышты.