Биз менен байланышыңыз

2 миң адам көз жумган Мароккодогу зилзаланын видеосу

Дүйнө , Кыска кабар | 10 Сен 2023 | 303 | 0

Марокко мамлекетинде болгон жер титирөөдөн каза болгондордун саны 2 миңден ашты. Бул тууралуу «Рейтер» агенттиги өлкөнүн Ички иштер министрлигине шилтеме берип билдирди.

Мароккодогу зилзаланын башталышы көзөмөл камерасына түшүп калган. Видеодо алгач Марракеш шаарындагы көчөлөрдүн бири көрүнөт. Адегенде эч нерседен капарсыз отурган адамдар эмне болуп жатканын түшүнүшпөйт. Андан соң баары туш тарапка чуркай башташкан. Ошол учурда имараттардын бири кулаганы да байкалат.

Кийинки кадр ресторандын ичинде тартылган. Мында да жайбаракат отургандар жер силкингенде дүрбөлөңгө түшүп, имараттан сыртка качып чыгышкан.

Марокконун геофизикалык борбору силкинүү очогу Атлас тоосунда болуп, күчү 7.2 баллга жеткенин маалымдаган. Ал эми АКШнын геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчүн 6.8 балл деп баалаган.

Жер титирөө болгон тоолуу аймак Марракеш шаарынан 70 км алыстыкта, түштүк-батышта жайгашкан. Силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча 23:00дө башталган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM