Биз менен байланышыңыз

БШК жарандарды Ленин районундагы шайлоого активдүү катышууга чакырат

Кыска кабар | 10 Сен 2023 | 139 | 0

Бүгүн, 10-сентябрда саат 08:00дө №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайра шайлоо башталды. Бул шайлоого 24 талапкер катталган, анын 19у эркек, 5и аял. Шайлоочулардын саны 127 миң 239 адамды түздү.

БШКнын «Электрондук талапкер» порталы (www.talapker.shailoo.gov.kg) шайлоочуларга талапкерлер, алардын программалары жана шайлоо фонддору жөнүндө маалыматтар менен толук таанышууга мүмкүнчүлүк берет.

Ар бир шайлоо участогу боюнча шайлоочулардын тизмеси Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан алфавиттик тартипте «Тизме» мамлекеттик порталында (https://tizme.gov.kg/) жайгаштырылган.

Сиз шайлоочулардын тизмесинен өзүңүздү кошумча тактасаңыз болот:

— 1255 же 119 кыска номурлары аркылуу;
— шайлоо участкасында;
— «tizme.gov.kg» сайтында.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округунун шайлоочулары саат 20:00гө чейин 51 шайлоо участкасында добуш бере алышат.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясы Бишкек шаарынын Ленин районунун шайлоочуларын №26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутатын кайталап шайлоого активдүү катышууга чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM