Биз менен байланышыңыз

Ленин округу: Саат 10:00гө карата 2 миңден ашык адам добуш берди

Кыска кабар | 10 Сен 2023 | 130 | 0

№ 26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча саат 10:00гө карата добуш берүүгө келген адамдардын саны 2 миң 60ты, башкача айтканда, шайлоочулардын жалпы санынан 1,62%ды түздү.

Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, шайлоочулардын жалпы саны 127 миң 239 адамды түзөт.

Шайлоо участоктордун дарегин төмөнкүдөй билүүгө болот:

— 1255 же 119 телефондору аркылуу;

— 119 номерине PIN — паспорттогу жеке идентификациялык номерди көрсөтүү менен SMS жөнөтүү менен (акысыз);

— https://tizme.gov.kg/ сайтынан

Борбордук шайлоо комиссиясы жарандарды шайлоого активдүү катышууга жана Ленин районунан өлкөнүн парламентине татыктуу депутатты шайлоого чакырат.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM