Биз менен байланышыңыз

Оштун тургундарын ири суммадагы акчага алдап кеткен шектүү кармалды

Кыска кабар | 9 Сен 2023 | 105 | 0

Ошто алдамчылыкка шектүү аял кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, Ош шаарынын 1968-жылы туулган тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анын айтымында, ушул жылдын март айында банктык маселелерге байланыштуу 3 млн сомун чыгара албай жатканын айткан аял «эсеп ачылары менен которуп коём» деп, 800 миң сомун алып кеткен. Шектүү ошол бойдон телефон номерлерин алмаштырып, байланышка чыкпай койгон.

Ош ШИИБи бул боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (алдамчылык) менен иш козгоп, шектүүгө издөө жарыялаган.

Ыкчам иликтөөнүн натыйжасында 9-сентябрда Кадамжай районунун 1995-жылы туулган тургуну Ж.М. Ноокат районунда жашырынып жүргөн жеринен кармалып, кылмышка шектүү катары Ош ШИИБнин тергөө абагына камалган.

Билдирүүдө айтылганга караганда, Ош шаарынын дагы төрт тургуну шектүүгө ар кандай суммадагы акча беришкенин айтып, арыз жазышкан. Андан тышкары бул аялдан Ош облусунун, Баткен облусунун бир канча тургуну жабыркаганы боюнча маалыматтар алынган.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM