Биз менен байланышыңыз

Соцфонд Эсептөө палатасы тараткан маалыматка түшүндүрмө берди

Кыска кабар | 9 Сен 2023 | 93 | 0

Социалдык фонд Эсептөө палатасы жарыялаган текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча тактоо маалымат таратты.

Айта кетсек, кечээ Эсептөө палатасы Социалдык фонддун 2022-жылга карата бюджетинин аткарылышына жүргүзүлгөн аудиттин жыйынтыгында 536,8 млн сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталганын билдирген.

Социалдык фонд берген маалыматка караганда, 2022-жылы республикалык бюджеттен 29 млрд 352 млн 200 миң сом каралып, анын 29 млрд 2 млн 800 миң сому бөлүнгөн. Мунун ичинен 349 млн 400 миң сому ашып калгандыктан мамлекеттик бюджетке кайра кайтарылган.

Аудиттин жыйынтыгында көрсөтүлгөн 351 млн 500 миң сомдун орду боюнча Социалдык фонд: «Колдонуудагы мыйзамдарга ылайык, Социалдык фонд тейлеген коммерциялык банктан Социалдык фонддун бош акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарынан киреше алууга укуктуу. Ушуга байланыштуу Социалдык фонд тарабынан пайдаланылбаган акча каражаттарынын калдыктарына 2,1 млн сом суммасында киреше алынган. Бул сумма ченемдик-укуктук актыларга ылайык пенсия төлөө үчүн Социалдык фонддун резервдик эсебине түшкөн, бирок Эсептөө палатасы тарабынан бул сумманы Пенсиялык фонддун алыш-бериш эсебине багыттоо сунушталган», — деп жооп берген.

Ал эми 177 млн сом пенсияны почта бөлүмдөрү жана коммерциялык банктар аркылуу жеткирүүгө жана которууга кеткен чыгым болуп саналарын эскерткен.

Андан тышкары айтылган 8 млн 100 миң сомдун 2 млн 700 миң сому КР Өкмөтү 2015-жылдын 27-апрелинде бекиткен №258 «Оор жумуштар жана эмгек шарттары зыяндуу же кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдөрдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө» токтомунун негизинде айрым жумушчу-кызматкерлерге кошумча акы катары төлөнүп турган. Бул ченемдик-укуктук актылар 2022-жылы өзгөргөнүнө байланыштуу ошол жылдын 1-июнунан тарта кошумча акы төлөө токтотулган. Калган 5 млн 400 миң сому кызматкерлердин, жумушчулардын эмгек өргүү акысына сарпталган.

Социалдык фонддо жарым млрд сомдук каржылык тартип бузуулар аныкталды

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM