Биз менен байланышыңыз

Мароккодо жер силкинип, 296 адам каза тапты

Дүйнө , Кыска кабар | 9 Сен 2023 | 475 | 0

Марокко мамлекетинде болгон жер титирөөдөн 296 адам каза таап, 153 киши жаракат алган. Бул тууралуу өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдиргенин BBC сайты жазды.

Марокконун геофизикалык борбору силкинүү очогу Атлас тоосунда болуп, күчү 7.2 баллга жеткенин маалымдаган. Ал эми АКШнын геологиялык кызматы жер титирөөнүн күчүн 6.8 балл деп баалаган.

Жер титирөө болгон тоолуу аймак Марракеш шаарынан 70 км алыстыкта, түштүк-батышта жайгашкан. Силкинүү жергиликтүү убакыт боюнча 23:00дө башталган.

Reuters агенттиги берген маалыматка караганда, ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кирген Марракеш шаарындагы бир нече имарат урап түшкөн. Каза тапкандардын көбү жетүүгө кыйын болгон тоолуу аймактардын тургундары болгон.

Пикир калтырыңыз

Жооп жазуу

Сиздин e-mail дарегиңиз жарыяланбайт. Сөзсүз толтурулушу керек болгон боштуктар мындай белгиленген: *

Copyright © 2017 Maral FM